1,5 млн. аскер. Шойгу РФ армиясында болчу масштабдуу өзгөрүүлөр боюнча айтты

Россиянын Аскер деңиз флотунун, Аба-космостук жана стратегиялык ракета күчтөрүнүн күжүрмөн курамы бекемделе турганы кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу армиядагы боло турган масштабдуу өзгөрүүлөр, анын ичинде аскерлердин санын 1,5 миллионго көбөйтүү боюнча айтты. Бул тууралуу РФтин аскердик ведомствосунун тараткан маалыматында кабарланган.
"Куралдуу күчтөрдүн катарындагы масштабдуу өзгөрүүлөр, алардын санынын арбышы, РФтин аскердик-административдик бөлүнүү аймагынын өзгөрүшү 2023-2026-жылдардын аралыгында жасалат. Коргоо министринин, башка кол башчынын бардык орун басарлары, командачылык кылгандар (аскер округдарынын аскерлери, Түндүк флот жана Куралдуу күчтөр) буга тиешелүү компетенттүү чечимдерди кабыл алышы шарт", — деп айтылган Коргоо министрлигинин тараткан маалыматында.
Мындан тышкары, Аскер-деңиз флотунун, Аба-космостук жана стратегиялык ракета күчтөрүнүн күжүрмөн курамы күчөтүлөт. Ошондой эле келишимдик негизде кызматын өтөгөн жоокерлерди тартууга өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.
Шойгу Россия армиясын реформалоону сунуштады