Мамкызматкерлер эмне себептен премия албай калгандыгы айтылды

Президенттик аппараттын өкүлү сый акылар качан берилерин дагы айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Мамлекеттик кызматкерлер албай калган премия өлкөнүн коопсуздугун бекемдөөгө колдонулуп жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык баракчасына жазды.
Эске салсак, мамкызматкерлерге өткөн жылдын аягынан баштап квартал сайын берилчү премия убактылуу токтотулган.
Орунбековдун айтымында, Баткендеги кагылышуулардан кийин куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүүгө, коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулууда.
"Мамлекеттик кызматкерлерге берилген премия мамлекетибиздин коопсуздугун бекемдөөгө салым катары кошулуп жатат. Буга чейин болуп көрбөгөн абадан коргонуучу "Байрактар", "Аксунгур", "Акынжы", "Анка" өңдүү заманбап аскерий техникалар сатып алынды. Премиянын убактылуу берилбей калышы менен мамлекеттик кызматкерлер өлкө коопсуздугун чыңдоого аз да болсо салым кошту", — деди Орунбеков.
Ошол эле учурда Орунбеков жылдын аягында он үчүнчү эмгек акы менен чогуу премия берилерин, айлык жогорулаганын эске алганда, кызматкерлер колуна жакшы сумма аларын кошумчалады.
Кыргызстан Түркиядан пилотсуз учкан Bayraktar Akıncı техникасын алды