Кыргызстанда санарип документтер күчүнө кирди. Адис артыкчылыгы тууралуу

Азырынча электрондук форматка документтин үч түрүн гана өткөрүүгө болот. Бара-бара тизме толукталмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Түндүк" мамлекеттик мекемесинин директору Чыңгыз Аманатов электрондук документтердин пайдасын жана кайсы учурда колдонула турганын Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде түшүндүрүп берди.
Анын айтымында, санарип документтин негизги артыкчылыгы — ыңгайлуулугу жана убакыттын үнөмдөлүшү.
"Министрлер кабинети санарип документтерди кагаз түрүндөгүсүнө теңеп, 2022-жылдын 30-декабрынан тарта өлкөнүн бардык аймагында юридикалык жактан жарактуу кылып тааныды. Бул биринчи кезекте элдин ыңгайлуулугу жана убактысын үнөмдөө үчүн жасалды", — деди Аманатов.
Директор өлкөдөгү мамлекеттик жана жеке мекемелеринин баары санарип документтерди кабыл алууга даяр экенин белгиледи.
"Санарип документтерди смартфонго орнотулган "Түндүк" тиркемеси менен мамлекеттик органдарга, жергиликтүү бийлик органдарына, кызмат адамдарына, юридикалык жана жеке тараптарга, ошондой эле жеке компанияларга көрсөтүүгө болот", — деди директор.
Аманатов электрондук форматка азырынча документтин үч түрүн — паспорт, айдоочулук күбөлүк жана автоунаа каражатынын катталганын ырастоочу күбөлүктү өткөрүүгө мүмкүн экенин белгиледи.
"Бул үчүн Калкты тейлөөчү борбордун баарынан алууга боло турган электрондук кол тамгага ээ болуп, "Түндүк" тиркемесин жүктөп катталуу керек. Буга 10 мүнөттөн ашпаган убакыт кетет", — деди адис.
Аманатов жакынкы айларда электрондук документтердин тизмеси толукталып, ага туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү, диплом жана пенсиялык китепче киргизилерин кошумчалады.
Санариптик документтер юридикалык мааниге ээ болот. Жапаров чечимди жактырды