Кыргызстан абадан коргонуучу Anka учкучсуз аппаратын сатып алды

Буга чейин Түркиядан "Байрактар", "Акынжы" жана "Аксунгур" дрондору сатып алынган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Кыргызстан абадан коргонуучу Anka учкучсуз аппаратын сатып алды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Anka Түркияда өндүрүлгөн. Ал 250 чакырымга учуп, абада 30 саат жүрүп, 350 килограммга чейин жүк көтөрө алат.
Буга чейин Кыргызстан аталган өлкөдөн "Байрактар", "Акынжы" жана "Аксунгур" дрондорун алган.
"Оздемир Байрактар" борборуна Жапаров менен Ташиевди ким коштоп барды. Сүрөт