Караколдун төрөт үйүндө жыл башынан бери 6 ымыркай чарчап калды. Иликтөө башталды

Комиссия мүчөлөрү тарабынан перинаталдык өлүмдүн бардык учурлары талданууда. Азыр оорукана дезинфекциялык иш-чаралар үчүн жабылды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Караколдо жайгашкан облустук бириккен оорукананын төрөт бөлүмүндө жыл башынан бери алты ымыркай чарчап калган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Маалыматта Саламаттык сактоо министрлиги тез арада перинатология боюнча алдыңкы адистердин курамынан турган комиссия түзүп, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүнө жөнөткөнү айтылат. Акыркы учур 15-январда катталып, оорукананын директору Мирбек Сагынбаев ээлеген кызматынан убактылуу бошотулган.
"Комиссия мүчөлөрү тарабынан перинаталдык өлүмдүн бардык учурлары талданууда. Жакынкы арада бул иштер ымыркайлардын өлүмүн азайтуу боюнча Ыкчам штабда жеринен каралып, тиешелүү чаралар көрүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Учурда Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт үйү дезинфекциялык иш-чаралар үчүн жабылды. Бардык кош бойлуулар жана төрөт учурундагы аялдар Ак-Суу райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүнө жөнөтүлүүдө. Керектүү дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү.
Жагдай Саламаттык сактоо министрлигинин өзгөчө көзөмөлүндө экени айтылды.
Баланын өлүмү боюнча кармалган беш дарыгер үй камагына чыгарылды