ИИМ академиясында окуган кыздын өлүмү: сот айдоочуну эмнеге камаган жок? Себеби

Айдоочу окуя болгон жерден качып кетип, ал эми кыз каза болуп калган. Шектүүнү бир нече күндөн кийин кармашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкектеги ИИМ академиясынын 24 жаштагы курсантын койдуруп кеткен айдоочуну үй камагына чыгарышты.
Буга чейинки чечимди Свердлов райондук соту кабыл алган. Кырсык 9-январда болгон. Курсант кыз каза таап, ал эми айдоочу качып кеткен. Кайгуул милициясы анын кармалгандыгын 13-январда билдирген.
Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы эмне үчүн айдоочуну СИЗОго киргизишпегендигин түшүндүрүп берди.
Шектүүнүн жактоочусу ал кишинин бөйрөгү ооруй тургандыгын жана 2016-жылдан бери гемодиализ аларын тастыктаган документтерди көрсөткөн. Соттон бул өкмөттүн атайын токтому менен оор илдеттердин тизмесине киргизилгендиктен, аны камоого жол бербей тургандыгын айтышты.
Кара-Балтада микроавтобус сүзүп кеткен улакчы ооруканада көз жумду