Эрдоган Түркия менен Швециянын мамилесине доо кетерин айтып тиш кайрады

Эрдоган Стокгольм менен Хельсинки 130га чукул террорчуну берүүдөн баш тартканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Эгер Стокгольм Күрдстан жумушчулар партиясына (КЖП) каршы чараларды көрбөсө, Түркия менен Швециянын ортосундагы мамилеге доо кетиши мүмкүн. Бул тууралуу түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган Мугла шаарында жаштар менен жолугушуу учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, КЖПнын акциялары Швеция менен Финляндиядан башка жерлерде да өтүп жатат.
"Германияда жокпу? Францияда жокпу? Англияда жокпу? Тилекке каршы, бул террордук уюмдар алардын баарында фигурант болуп жатканы токтой элек. Албетте, биз мамлекет катары аларга карата мамилебизди тиешелүү нормада аныктайбыз", — деди Эрдоган.
Ошондой эле ал Стокгольм менен Хельсинки 130га чукул террорчуну берүүдөн баш тартканын белгиледи. Бул Анкаранын аталган өлкөлөрдүн НАТОго киришине макулдук берүүсүнө коюлган шарттардын бири эле.
12-январда Түркия президентинин өкүлү Ибрагим Калын өз өлкөсүндөгү террорчулукка чекит коймоюн Швецияны альянска кошуу мүмкүн эместигин билдирген.
Өткөн жумада Швециянын борборунда Күрдстан жумушчулар партиясынын тарапташтары акция өткөрүп, ар кандай аракеттери менен Эрдоганды мазактаган. Мындан улам Түркия Швециянын элчисин чакырып нааразычылык нотасын тапшырган.
Финляндия менен Швеция Украинадагы окуялардын фонунда былтыр 18-майда НАТОнун башкы катчысына альянска кошулуу үчүн арыз берген. Учурда аларды 30 өлкөнүн экөө гана ратификациялай элек, алар — Венгрия менен Түркия.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Түркия "Украинадагы кырдаал курчуйт" деген божомолун билдирди