Непалдагы авиакырсык: учак кулаар алдында тартылган видео

Кыйраган учактын ичиндеги 72 адамдын баары каза болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Непалда кулаган учактын акыркы секундалары жүргүнчүлөрдүн бири тартып алган видеого түшүп калган.
Кадрлардан жүргүнчүлөрдүн алгач бейкапар отурганын көрүүгө болот. Анда лайнер конор алдындагы учур, терезелерден жер жана шаар имараттары көрүнгөнү тартылган. Бир маалда жарылуу болуп, өрт чыгып, кыйкырык угулат.
Кийинчерээк уюлдук телефон учактын сыныктарынын алдынан табылган. Ал ошол рейсте учуп келе жаткан Индиянын беш жаранынын бирине таандык болгону айтылды.
Кечээ Yeti Airlines компаниясынын Катмандудан учкан ATR 72 турбовинттүү жүргүнчү учагы Покхарадагы эски жана жаңы аэропорттордун ортосуна кулап түшкөн. Борттогу 72 адамдын баары көз жумду. Алардын 4ү экипаж мүчөсү, 68и жүргүнчү болгон.
Алдын ала маалыматтарга караганда, учактын кыйрашына техникалык мүчүлүштүктөр себеп болушу мүмкүн. Кырсыктын чоо-жайын атайын комиссия иликтеп, 45 күндүн ичинде корутунду бериши керек.
Авиакомпания: Непалда кыйраган учактын ичиндегилердин баары каза болду