БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бул жумада Нарын облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, аптанын башынан аягына чейин жаан-чачын болбойт. Облустун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -29 градуска чейин суук болот.
Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетери айтылды.