Италияда 30 жыл бою изделип келген "Коза Ностра" мафиясынын лидери камалды

"Коза Ностранын" башында турган адам 1993-жылы Римде, Флоренцияда жана Миланда террордук чабуулдарды уюштурган деп сыртынан соттолгон. Анда он адам каза таап, 100гө жакыны жарадар болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Италиянын бийлиги сицилиялык "Коза Ностра" мафиясынын лидери Маттео Мессина Денарону камакка алганын RT басылмасы ASNA агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.
Ал 30 жыл бою качып жүргөн, өлкөдө издөөгө эң көп алынган биринчи кылмышкер болуп калды. Жалпыга маалымдоо каражаттары Денаро сырткы келбетин өзгөртүү үчүн бир нече жолу пластикалык операция жасаткан.
Денаро 1993-жылы Римде, Флоренцияда жана Миланда он адамдын өмүрүн алып, 100гө жакыны жарадар болгон террордук чабуулдарды уюштурган деп сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал ошондой эле 1992-жылы Сицилияда эки тергөөчүнү жана сегиз полиция кызматкерин өлтүрүүнү уюштурууга катышкан.
Зордукталган 13 жаштагы кыз: судья милиционерлердин жазасы эмнеге азайганын айтты