БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган элдин баары "Россияны талап жаткан" учурда россиялык лидер Владимир Путин менен мамилесин сактап жана колдоп келгенин билдирди. Бул тууралуу ал Мугла шаарында жаштар менен жолугушуу учурунда айтканын РИА Новости жазды.
Түркия расмий түрдө Россияга каршы санкцияларга кошулбай тургандыгын бир нече жолу билдирген.
"Баары Россияга талап коюп, жемелеп жатканда биз андайга барган жокпуз. Тескерисинче, Путин мырза менен мамилебизди мурдагы калыбында сактап калдык", — деди Эрдоган.
Түрк лидери Россия башчысынын муктаж болгон өлкөлөргө азык-түлүктү акысыз жөнөтүү сунушун кайрадан эске салды.
"Путин бекер буудай жөнөтөрүн айтты. Биз аны унга айлантып, жакыр өлкөлөргө жеткиребиз", — деп кошумчалады Эрдоган.
Буга чейин Эрдоган Путин менен Россиянын эгинин жана жер семирткичин Африканын ачарчылыктан кыйналып жаткан өлкөлөрүнө жөнөтүү тууралуу сүйлөшкөнүн билдирген. Путин сентябрдын башында Батыш Украинанын данын Африка өлкөлөрүнө эмес, өзүнө ташып жатканын айткан. РФ лидери Москва келишимдин алкагында жакыр өлкөлөргө тиешелүү делген эгинди кайтарымсыз түрдө берүүгө даяр экенин билдирген болчу.
Россия, Түркия, Украина жана БУУ өткөн жылдын 22-июлунда кол койгон эгин келишиминде Украинанын данын, азык-түлүк жана жер семирткичтерин Кара деңиз аркылуу үч порт менен жеткирүү каралган. Документтин мөөнөтү 18-ноябрда аяктап, бирок кол койгон тараптар макул болсо дароо 120 күнгө узартылмак. Макулдашуу Россиянын азык-түлүк, жер семирткичтерин экспорттоого чектөөнү алуу боюнча келишим топтомунун бир бөлүгү болуп эсептелет. Москва дал ушул бөлүк аткарылбаганын белгилеген. Ошол эле учурда БУУ тараптан чектөөлөр алынары айтылган болчу.