БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Олимпиада оюндарында байгелүү орундарга мамлекет тарабынан берилчү сыйлыктын суммасын бекитүүнү демилгеледи.
Ал мыйзам долбоорун сунуштап, саамалык Олимпиада, Паралимпиада жана Азия оюндарында чемпион жана байгелүү орундарга ээ болгон спортчуларга тиешелүү экендигин маалымдады.
Долбоордо алтын медаль алгандарга 10 миллион сом, күмүш медаль алгандарга 7 миллион сом, ал эми коло медаль ээлерине 5 миллион сом берүү каралган.
Андан тышкары, спортчунун акчалай сый акысынын суммасынын 30 пайызын башкы машыктыруучуга, улук жана жеке машыктыруучуларга – 25 пайыз, биринчи машыктыруучуга жана медициналык кызматкерлерге 10 пайыз өлчөмүндөгү бир жолку сый акылар белгиленген.
Эске салсак, 2021-жылы Токио Олимпиадасынын күмүш медаль ээлери Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудовдун ар бири 10 миллион сомдон, коло байге ээси Мээрим Жуманазарова 7 миллион сом алган. Жеңүүчүлөргө мамлекеттик сыйлыктар жана Toyota Rav 4 үлгүсүндөгү унаалар да тапшырылган.