УКМК: Чүйдө мектеп курууда 15 млн. сом желген. Мурдагы жетекчилер кармалды

Турак жай-курулуш департаменти жана Чүй облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары документтерди жасалмалап, подряддык жасалма келишимди даярдалганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Мындан үч жыл мурда Чүй облусунун аймагында мектеп курулуп жатканда бюджеттин 15 млн. сомун мыйзамсыз алып койгон факты аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
УКМК Турак жай-курулуш департаменти жана Чүй облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары документтерди жасалмалап, подряддык жасалма келишимди даярдашканын билдирди.
Коррупциялык бул иш 2019-жылдын декабрында Чүй облусунда билим берүү мекемесин куруу иштеринде болгон.
"Орто мектепти курууда тендердик сметага кирбеген кошумча жумуштарга тиешелүү тендер өткөрбөстөн, жасалма кошумча келишимдерди түзүп, республикалык бюджеттен мыйзамсыз 15 млн. сомду "С.Т." ЖЧК подрядчы уюмунун пайдасына чыгарышкан. Бирок иш жүзүндө бул кошумча иштерди алар аткарбаганы аныкталды", — деп айтылган маалыматта.
Топтолгон материалдардын негизинде тергелип жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Турак жай-курулуш департаментинин мурдагы директору А.А., Чүй облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы А.Э., Турак жай-курулуш департаментинин башкы инженери Д.К. жана подряддык ишкананын директору К.А. кармалган. Бул төрт адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилгени айтылды.
Ысык-Көлдө мектеп курулушунан 3 млн. сом "жешкен". Шектүүлөр кармалды