Кар жаабайбы? Алдыдагы аптада Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

Дыйканчылык аймактарда түнкүсүн -15 градуска чейин суук болот.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумада Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Билдирүүгө ылайык, аптанын башынан аягына чейин жаан-чачын болбойт. Облустун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -15 градуска чейин суук болот.
Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Күн жылыйбы? Февраль айына карата аба ырайы