Оштогу чуулгандуу иш: издөөдө жүргөн бешинчи адам Бишкектен кармалды. Видео

Чуулгандуу кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча иш-чаралар улантылып жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ош шаарында өзгөчө оор кылмышты жасоого шектелген дагы бир жаран кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, издөөдө жүргөн 25 жаштагы Курсантбек Шакир уулу бүгүн түндө Бишкек шаарынан кармалган.
ИИМ бул кылмышка тиешеси барларды кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылып жатканын белгиледи.
Ушуну менен Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектелген бешинчи адам кармалды. Экөө Казакстанга чыгып кетүүгө аракет кылып жатканда Чүй облусунан кармалган. Дагы бири Өзгөн районунда колго түшүрүлгөн. Эң биринчи кылмышты уюштурууга айыпталып кримтөбөл Женго каймана атындагы Кадыр Досонов кармалган.
Белгилей кетсек, 12-январь күнү Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө кылмыштуу топтун мүчөлөрү мыкаачылык менен сабалып, мунун кесепетинен алардын бири көз жумган. Экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.
Милиция жаңжал кылмыштуу топтордун өз ара келишпестигинен улам чыкканын билдирген.
УКМК: Базар-Коргондун мурдагы мэринен кызматка орнотобуз деп акча алгандар кармалды