Авиакомпания: Непалда кыйраган учактын ичиндегилердин баары каза болду

Буга чейин ЖМКлар лайнер кыйрагандан кийин бир нече адам аман калганын кабарлашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Непалда кыйраган учактагы 72 адамдын баары каза болгонун Yeti Airlines авиакомпаниясынын өкүлү Пемба Шерпа РИА Новостиге билдирди.
Непалдын жарандык авиация башкармалыгы 68 кишинин каза болгонун тастыктады, дагы төрт жүргүнчүнүн сөөгүн издөө иштери уланууда.
Yeti Airlines компаниясынын Катмандудан учкан ATR 72 турбовинттүү жүргүнчү учагы Покхарадагы эски жана жаңы аэропорттордун ортосуна кулап түшкөн. Учакта экипаждын 4 мүчөсү жана 68 жүргүнчү болгон. Буга чейин ЖМКлар бир нече адам аман калганын кабарлашкан.
Алдын ала маалыматтарга караганда, учактын кыйрашына техникалык мүчүлүштүктөр себеп болушу мүмкүн. Кырсыктын чоо-жайын атайын комиссия иликтеп, 45 күндүн ичинде корутунду бериши керек.
Дача СУдагы учактын эмне себептен кулаганы белгилүү болду. Корутунду