БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, аймактарда жаан-чачын жаабайт, бирок мурдагыдай эле суук болот.
Чүйдө
Облуста 15-20-январда жаан-чачын болбойт, бирок айрым жерлерге туман түшөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Таласта
Аймакта жума ичинде жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат. Ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши мүмкүн.
Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде
Аталган облустарда дагы 15-21-январь аралыгында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.
Ысык-Көлдө, Нарында
Бул эки дубанда 15-21-январда жаан-чачын болбойт. Автожолдор тоңуп, тайгак болот. Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 жана 1-6 метрге жетери айтылат.