Израилде жаңы өкмөттүн реформасына каршы болуп 80 миңдей адам митингге чыкты

Жаңы келген өкмөт Жогорку соттун укуктарын кыскартууну көздөгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Израилдин Тель-Авив шаарында бир нече миң адам юридикалык реформаларга каршы болуп нааразычылык акциясына чыкты. Бул туурасында Times of Israel гезити жазганын РИА Новости билдирди.
“Сексен миңдей демонстрант жамгыр жаап жатканына карабай ишемби күнү кечинде Тель-Авивдин “Хабим” аянтына чогулушту. Алар премер-министр Биньямин Нетаньяхунун жаңы өкмөтүнө жана Израилдин сот адилеттүүлүгү системасын редикалдуу өзгөртүү планына каршы чыгышууда”, — деп жазылат маалыматта.
Гезиттин полицияга таянып берген маалыматында акцияга 80 миңдей адам чогулган.
Буга чейин юстиция министри Ярив Левин Жогорку соттун мыйзамдарга жана өкмөттүн чечимдерине бөгөт койгон укуктарын чектеген юридикалык реформа планын жарыялаган. Мындан сырткары, ал бийликке судьяларды тандоого көзөмөл жүргүзүү укугун берүүнү көздөгөн.
Узаган жылдын декабрь айынын соңунда Израилде Нетаньяху жетектеген өкмөт парламентте ант берген. Ал мурда дагы 1996-1999 жана 2009-2021-жылдары премьер-министр болгон.
Россия ТИМи Бразилиядагы башаламандыкты айыптады