Имбирди кандай учурда колдонууга болбойт? Адистин кеңеши

Имбирди ачкарын колдонууга болбойт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Антибактериялык жана жылытуучу касиетке ээ болгон имбирди оорунун кээ бир түрлөрүндө колдонууга болбойт. Бул тууралуу диетолог Ольга Богданова Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.
"Имбирь бактериялар менен сонун күрөшөт. Биз жеген суши-роллы тамактарына бекеринен аны колдонушпаса керек. Анткени ал чийки балыктагы бактерияларды өлтүрөт", — деген адис.
Богданова бирок вирустук инфекциялар имбирь менен дарыланбай тургандыгын эскерткен.
"Вирустук инфекция же сасык тумоодо имбирь жардам бербейт. Салттуу медицина боюнча ал жылытуучу таасирге ээ. Кан тамырларды кеңейтип, иммунитетти жакшыртат. Анын натыйжасында организм вирус менен күрөшүүдө күчтүүрөөк болот. Бирок бул өсүмдүк толугу менен оорудан айыктырат деп айтууга болбойт", — деген диетолог.
Ошондой эле өт, боор, ичеги ооруларында, ашказандын же он эки эли ичегинин жарасында бул өсүмдүктү колдонууга болбой тургандыгы айтылган. Анткени анын курамында ички былжыр челди дүүлүктүрүүчү заттар көп.
"Алтургай ден соолугу чың адамдарга да ачкарын колдонууга болбойт", — деп эскерткен дарыгер.
Абайлап жеңиз! Анардын пайдалуу жана зыяндуу жактары