УКМК: Базар-Коргондун мурдагы мэринен кызматка орнотобуз деп акча алгандар кармалды

Кылмышка шектүүлөр учурда УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “Альфа Телеком” ЖАКтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык филиалынын директорун жана Базар-Коргон районунун акимин кармагандыгын билдирди.
1 / 4

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “Альфа Телеком” ЖАКтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык филиалынын директорун жана Базар-Коргон районунун акимин кармагандыгын билдирди

2 / 4

Маалыматта кармоо иштери Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча катталган материалдын алкагында жүргүзүлгөндүгү айтылат

3 / 4

2023-жылдын 13-январында “Альфа Телеком” ЖАКтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык филиалынын директору, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Э. Б. А. жана Базар-Коргон районунун акими С. Дж. М. кармалды

4 / 4

Алар Т. И. А. аттуу жаранга Базар-Коргон шаарынын мэринин кызматына кайра келтирүүгө көмөк көрсөтүү үчүн ишенимине кирип, андан ары президент Садыр Жапаровго өткөрүп берүү шылтоосу менен 20 миң доллар алышкан

Маалыматта кармоо иштери Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча катталган материалдын алкагында жүргүзүлгөндүгү айтылат.
“2023-жылдын 13-январында “Альфа Телеком” ЖАКтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык филиалынын директору, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Э. Б. А. жана Базар-Коргон районунун акими С. Дж. М. кармалды. Алар Т. И. А. аттуу жаранга Базар-Коргон шаарынын мэринин кызматына кайра келтирүүгө көмөк көрсөтүү үчүн ишенимине кирип, андан ары президент Садыр Жапаровго өткөрүп берүү шылтоосу менен 20 миң доллар алышкан. Алар берген убадаларын аткарбай, акчасын кайтарбастан жабырлануучуну коркута башташкан”, — деп жазылат маалымат.
Учурда кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Чүйдө кытай бизнесмендерине кол салгандар кармалды