Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Америкалык саясатчы Байденди согуш кылмыштары үчүн кызматтан алууну талап кылды

Буга чейин афроамерикалык укук коргоочу Ажаму Барака Байден америкалык капиталдын кызыкчылыгы үчүн украин элинин бүтүндөй муунун курмандыкка чалгандыгын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Америкалык саясатчы Жеффри Янг АКШ президенти Жозеф Байден согуштук кылмыштары үчүн кызматтан алынышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу Кентукки губернаторлугуна талапкер өзүнүн Twitter баракчасында билдиргенин "Известия" басылмасы жазды.
"Мен Жозеф Байденге Украинадагы, Йемендеги, Сириядагы жана Ирактагы согуштук кылмыштары үчүн дароо импичмент жарыялоо зарыл деп эсептейм. Ошондой эле Украинада Россияга каршы прокси согушун уланткандыгы үчүн да кызматтан кетиши керек", — деп билдирди Янг.
Саясатчы АКШнын 1945-жылдан бери шайланган президенттерин согуш кылмышкерлери деп эсептерин айткан.
Буга чейин афроамерикалык укук коргоочу Ажаму Барака Байден америкалык капиталдын кызыкчылыгы үчүн украин элинин бүтүндөй муунун курмандыкка чалгандыгын билдирген.
Ал эми серепчи Жордан Бойд Federalist журналына жазган макаласында, Америка президентинин ден соолугу, акыл-эсинин тунуктугу жакшы эместигин жана бул мамлекеттин улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурарын белгилеген.
Байдендин оозунан жаңылып сынга кабылган 8 учуру. Жыл жыйынтыгы