Ошто кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектелген эки адам чек арадан кармалды

Кечээ кылмышты уюштурууга шектүү катары "Женго" аттуу кримавторитет кармалган. Учурда бүгүн кармалгандардан башка дагы үч адам изделүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бүгүн, 13-январда, Ош шаарынын борборунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектелген эки адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөр Р.у.А. жана К.у.Э. Чүй облусунун аймагындагы чек араны кесип өтүүгө аракет кылган.
Кечээ үч адам издөөгө алынса, бүгүн дагы экөө кошулган. Башкача айтканда, милиция учурда кылмышка катыштыгы бар үч адамды издеп жатат.
Буга чейин социалдык тармактарга топтошкон кишилердин урушуп жаткан видеосу тараган. Анда бирөөнү арматурага окшош буюм менен экинчиси аёосуз сабап, тепкилеп жаткандыгын көрүүгө болот.
Бүгүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыштын жагдайын тактап, жаңжалда арматура менен сабалган эмес, бычактан жаракат алган экинчи адам каза болгондугун билдирди. Маркум бул видеого түшпөй калган.
Кечээ бул оор кылмышты уюштурууга шектүү катары "Женго" каймана аты бар Кадыр Досонов кармалган.
Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн сабап өлтүрүштү, экинчисинин абалы оор