Майлы-Сууда элге жылуулук менен таза суу бериле баштады. Сүрөт

Майлуу-Сууда элге жылуулук менен таза суу бериле баштады
Кечээ калаада өзгөчө кырдаал режими киргизилип, эл суусуз жана жарыксыз калган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Майлы-Сууга Таш-Көмүр шаарындагы ӨКМден кошумча техника жөнөп кетти. Жеринде элге кезек-кезеги менен жылуулук жана таза суу берилүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

"Майлы-Суу шаарында саат 05:00гө чейин кампага суу толтурулуп, андан Майлы-Суу заводуна берилип, ишкананын насостору менен №1 отказанга суу жеткирилген. Натыйжада системалар жылытылып, кезек–кезеги менен жашоочуларга жылуулук бериле баштады. Жеринде иш алып баруу үчүн Таш-Көмүр шаарынан кошумча бир экскаватор жана бир тралл жөнөп кетти", — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында катуу сууктан улам 12-январда суу кампасындагы түтүктөр тоңуп, андан соң отканаларга суу толук келбей, жылуулук берүү дагы үзгүлтүккө учураган. Мындан улам шаарга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Ичүүчү суу түтүктөрүндөгү муз. Архив
Суу түтүктөрү тоңуп... Майлы-Суу шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди