Өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор сунушталды. Эскиздери

"Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коому бир нече долбоорду алып чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров туризмди өнүктүрүүгө багытталган кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жыйында "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коому тарабынан иштелип жаткан долбоорлор сунушталган.
1 / 2

Маалыматка ылайык, жыйында "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коому тарабынан иштелип жаткан долбоорлор сунушталган

2 / 2

Фонддун өкүлдөрү 960 миллион долларга бааланып 32 бирдиктен турган санаторий-курорттук объектилер тармагын өнүктүрүү долбоорун сунуштады

"Баткен облусунун Раззаков шаарындагы 4 жылдыздуу мейманкана комплексинин, Баткен облусундагы санаторий-курорттук комплекстин жана балдардын ден соолугун чыңдоочу лагердин долбоорлору көрсөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Фонддун өкүлдөрү 960 миллион долларга бааланып 32 бирдиктен турган санаторий-курорттук объектилер тармагын өнүктүрүү долбоорун сунуштады. Ошондой эле "Ак-Кеме" мейманканасын калыбына келтирүү, өлкө аймактарында глемпинг түйүндөрүн өнүктүрүү, Бишкек шаарына жакын жерде кароо аянтчасын түзүү боюнча долбоорду ишке ашыруу пландары тууралуу маалымат берилди.
Кеңешменин жыйынтыгында министрлер кабинетинин башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган бул долбоорлорду мындан ары иштеп чыгууну тапшырды.
Бишкектин четине "Бир булак" тоо-туристтик эс алуу жайын куруу пландалууда