Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн сабап өлтүрүштү, экинчисинин абалы оор

Окуя 12-январда Курманжан датка көчөсүндө аялдаманын артында болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү мыкаачылык менен сабалып, мунун кесепетинен алардын бири көз жумган. Маалыматты Ош шаардык ИИБдин маалымат кызматы тастыктады.
Буга чейин социалдык тармактарга топтошкон кишилердин урушуп жаткан видеосу тараган. Анда бирөөнү арматурага окшош буюм менен экинчиси аеосуз сабап, тепкилеп жаткандыгын көрүүгө болот. Көз жумган адам 28 жашта экени айтылды.
Окуя 12-январь күнү калаадагы Курманжан датка көчөсүндөгү аялдаманын артында болгон.
Милиция токмок жеген экинчи киши оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатканын билдирди. Жабыркагандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгонун айтышты. Тартип сакчылары сабагандарды издеп жатат.
Спецназ Бишкектен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Видео