Ошто кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектелип "Женго" кармалды. Видео

Милиция кандуу жаңжал кылмыштуу топтордун өз ара келишпестигинен улам чыкканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Ош шаарындагы өзгөчө оор кылмышты уюштурууга шектүү катары "Женго" каймана аты бар Кадыр Досонов кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 12-январь күнү калаадагы Курманжан датка көчөсүндөгү аялдаманын артында кылмыштуу топтун мүчөлөрү мыкаачылык менен сабалып, мунун кесепетинен алардын бири көз жумган. Экинчисинин абалы оор болуп жаткан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.
Милиция окуя кылмыштуу топтордун өз ара келишпестигинен улам болгону аныкталганын билдирди.
"Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында бүгүн, 13-январда, кылмышты жасоодо пайдаланылган автоунаа табылып, ШИИБдин атайын короосуна киргизилди. Ошондой эле бул өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу, "Женго" каймана ат менен кылмыш чөйрөсүнө таанымал болгон Кара-Суу районунун тургуну Кадыр Досонов кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, "Женгонун" шериктери, кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар үч жаран изделүүдө. Алар:
1.
Акылбек Раимберди уулу, 28 жашта, Өзгөн районунун тургуну;
2.
Эламан Коргонбай уулу, 28 жашта, Ош шаарынын тургуну;
3.
Курсантбек Шакир уулу, 25 жашта, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургуну.
1 / 3

Акылбек Раимберди уулу, 28 жашта, Өзгөн районунун тургуну

2 / 3

Эламан Коргонбай уулу, 28 жашта, Ош шаарынын тургуну

3 / 3

Курсантбек Шакир уулу, 25 жашта, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургуну

Ошону менен катар шектүүлөр айдап жүргөн Toyota Camry үлгүсүндөгү автокөлүк дагы Ош шаардык милициянын убактылуу токтотуучу жайына киргизилген.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар жарандарды кармоо боюнча ар тараптуу ыкчам-издөө, тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Калаа милициясы бул жарандар тууралуу маалымат билгендерди 03222-4-82-82 телефону аркылуу кабарлоону өтүнөт.
Бул факты боюнча 2023-жылдын 13-январь күнү Ош ШИИБдин электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 16-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча иш козголуп, тергөө башталган.
Спецназ Бишкектен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Видео