Кытайдын улуттук компаниясы Орто-Токой суу сактагычына кичи ГЭС курат

Кол коюлган меморандумда Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүү максатында өнөктөштүк жана стратегиялык кызматташтыкты бекемдөө каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик түзүмдөрү менен China National Heavy Machinery Corporation (Кытайдын улуттук компаниясы) кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Маалыматты Энергетика министрлиги таратты.
Ага ылайык, меморандумга кол коюу иш-чарасына энергетика министри Таалайбек Ибраев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, каржы-насыялык фонддун жетекчиси Жусубали Төрөмаматов жана кытай компаниясынын вице-президенти Жэнг Хенсонг катышты.
Меморандумда төмөнкүлөр каралган:
Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүү максатында өнөктөштүк жана стратегиялык кызматташтыкты бекемдөө;
Орто-Токой суу сактагычына кубаттуулугу 21 мегаватт болгон кичи ГЭС куруу жөнүндө келишим.
Орто-Токой суу сактагычы Нарын менен Ысык-Көл облустарынын чектешкен аймагындагы Чу дарыясында жайгашкан.
Кытайдын China National Heavy Machinery Corporation компаниясы 1980-жылы түзүлгөн. Ал Кытай өкмөтүнө караштуу металлургия, тоо иштери, электр энергиясы, экология, химиялык өнөр жай жана башка тармактарда иш алып барат.
Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү агрегат ишке киргизилди