Радио

Иманбаева: быйыл өлкө аймагында 7 млн. көчөт отургузулат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын башкы адиси Бермет Иманбаева "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.
Sputnik
Былтыр президент Садыр Жапаров 12-мартта Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү башталганын жарыялаган. Анын жыйынтыгында 2022-жылы Кыргызстанда 8,1 миллион көчөт отургузулду. Бул тууралуу Бермет Иманбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Айтымында, мамлекеттик долбоордун алкагында отургузулуп жаткан дарактардын электрондук жол картасы түзүлдү.
"Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү алгач "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш багынын аймагында ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуу менен башталган. Бул иш-чарага эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттик администрациянын жана иш башкармалыгынын, ошондой эле ар бир министрлик, Бишкек мэриясынын кызматкерлери салым кошту. Алсак, Билим берүү жана илим министрлиги "Бир окуучу — бир көчөт", ал эми Айыл чарба министрлиги "Шаардык сейил бактар" муниципалдык ишканасы менен биргеликте "Макулатура тапшыр — көчөт ал", "Бир жарандан — бир көчөт" аттуу экологиялык акцияларын өткөрүштү. Ошентип өткөн жылы алты миллион көчөт тигүү пландалган болсо, жыйынтыгында 8,1 миллион бак-дарак отургузулду. Күзгү эсептин жыйынтыгы менен алардын 70 пайызы тамыр алып көгөргөн. Учурда мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары көчөт отургузууну уюштуруу иштери менен алектенип жатат. Быйыл "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында өлкө аймагына жети миллион көчөт отургузулганы турат. Буга чейин мамлекеттик долбоордун алкагында отургузулуп жаткан дарактардын электрондук жол картасы түзүлдү. Анда бак отургузуудан тышкары, ар бир шаар, райондордо парктарды уюштуруу каралган. Өткөн жылы "Балалык", кыргыз-азербайжан достук сейил багы ачылды", — деди Иманбаева.
Ал "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында багбанчылык дагы өнүктүрүлүп жатканын кошумчалады.