Соцтармакта унааны каттоо кымбаттаганы айтылууда. Бажы кызматынын жообу

Кыргызстанда товарларды, анын ичинде автоунааларды каттоодо ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифинин ставкасы колдонулат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучулары Кыргызстанга келген унааларды бажыда каттоонун баасы кескин өсүп кеткендигин жазышууда. Алар "биз кеминде 12 500 евро деген цифраны көрдүк" дешкен.
Редакция бул суроо боюнча Мамлекеттик бажы кызматына кайрылды.
Алар каттоодо 2021-жылдын сентябрь айында бекитилип, өткөн жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Бирдиктүү бажы тарифинин ставкалары колдонуларын эскертишти. Баалар кыймылдаткычтын түрү жана көлөмү, унаанын чыгарылган жылы сыяктуу критерийлерге карата аныкталат.
Унааны каттоодо төмөнкүлөр төлөнөт:
товарларды чыгарууга байланышкан аракеттер үчүн товардын бажылык наркынын 0,25 пайызы өлчөмүндө бажы алымы;
кошумча нарк салыгы 12 пайыз;
Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген ставкалар боюнча ташып келүү бажы алымы (расмий маалыматты ЕАЭБдин www.eurasiancommission.org жана www.customs.kg сайттарынан алууга болот).
"2023-жылы бажы төлөмдөрүнүн жалпы көлөмүнө таасир этүүчү бажы наркын жана бажы алымдарынын тиешелүү ставкаларын аныктоо тартиби 2022-жылдагы деңгээлде калтырылды", — деп кошумчалады Бажы кызматы.
ОСАГО полисин Кыргызстанда канчага алууга болот? Калькулятор