Валентина Шевченко тыныгуудан кийин кимдер менен беттешүүнү каалаарын айтты

Шевченко World MMA Awards версиясы боюнча 2022-жылдын мыкты мушкери деп табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко кийинки беттештерде кытайлык Вейли Чжан же бразилиялык Аманда Нуньес менен беттешүүнү каалай турганын билдирди. Бул тууралуу "Чемпионат" басылмасы UFC уюмуна шилтеме берип жазды.
"Тыныгуудан кийин курду кайрадан коргогум келет. Ооба, мен Аманда менен Вейлиге даярмын. Вейли акыркы беттешин мыкты өткөрдү. Абай күчтөндү, ага сырттан көз салуу абдан кызыктуу. Мен бул кыздардын кимиси менен болбосун беттешүүгө даярмын", — деген Шевченко.
Кыргызстандык спортчу акыркы беттешинде бразилиялык Тайла Сантосту жеңген.
Валентина Шевченко аялдар арасында жылдын мыкты мушкери деп табылды. Видео