Кыргызстандын Япониядагы элчиси дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эске салсак, Осоев буга чейин транспорт жана коммуникациялар министри кызматын аркалып келген. Ал өткөн жылдын 3-октябрында ишинен бошотулган болчу.
Ал эми Кыргызстандын буга чейинки Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев өткөн жылдын август айында кызматтан алынган.
Арстанбаев Япониядагы гана эмес, Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан да четтетилген. Бирок дипломаттын жумуштан алынган себеби айтылган эмес.
ЖККУнун жаңы баш катчысы бүгүн кызматына киришти