БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Иштебей жатып кайра жабылган "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинен 700 миллион сомдон ашуун каражаттын дайны чыкпай жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев парламентте билдирди.
Эл өкүлү жыйында президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.
"Теңиз Бөлтүрүк жетектеген "Улуу көчмөндөр мурасы" ишканасы ачылганда 3 миллиард сом бөлүнгөн. Финансы министрлиги бизге берген маалыматында 2 миллиард сом кайтарылганын, 700 миллиондон ашуун акча жоголгонун айткан. Бармак басты, көз кысты кылбай маалыматты так бериңиздер. Мен былтыр суук айылда жылуулук системасы иштебей жаткан мектеп үчүн 3 миллион сурап ала албай койдум. Дагы бир мектепке 500 миң сомго беш компьютер алып бере албадым. Финансы министрлиги "акча жок" деп койгон. Ал эми бул жерде 700 миллион сомдун изи жок", — деди Токтошев.
Ошондой эле ал депутаттык көзөмөлдөө функциясынан пайдаланып акчанын толук кайтартылышына байкоо саларын эскертти.
Белгилей кетсек, "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коому 2021-жылдын 29-январында түзүлгөн. Анын негизги милдети Кумтөр сыяктуу мамлекеттик кендерди тейлеп, казууга лицензия берүү болгон. Уставдык капиталына республикалык бюджеттен 3,4 миллиард сом бөлүнгөн.
Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, холдингдин жоюлганына байланыштуу 2,7 миллиард сом бюджетке кайтарылат. 700 миллиону "кредиторлордун талаптарын канааттандырууга" багытталат.