Министр: келерки жылдан тарта мектептерге жаңы сабак киргизилет

Министрдин айтымына караганда, турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери, этика, мекен таануу сабактары бириктирилет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Эмдиги жылдан тарта Кыргызстанда мен жана дүйнө деп аталган жаңы сабак киргизилет. Бул туурасында Билим берүү жана илим минстри Уланбек Мамбетакунов "Министр менен 1,5 саат" деп аталган түз эфир учурунда айтты.
Аткаминерге "жаңы жылда мектепке жаңы предметтер киргизилеби?" деген суроону узатышкан.
"Кыргыз билим берүү академиясы мен жана дүйнө жаңы предметинин мазмунун даярдап, иштеп чыкты. Ал жерде турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери, этика, мекен таануу бириктирилген", — деп жооп берди министр.
Пресс-борбор
Диндердин өнүгүү тарыхы предмети окутулуп жатабы? Расмий жооп