Улуттук банк биринчи ирет 100 млн. доллардан ашкан интервенция жасады

Буга чейин эң ири интервенция өткөн жылдын аягында катталган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Улуттук банк кечээ, 10-январда, валюта рыногуна 104 миллион 250 миң доллар сатты.
Бул каржы регуляторунун тарыхындагы рекорддук көлөм. Буга чейин эң ири интервенция өткөн жылдын аягында, 20-декабрда, 87,5 миллион долларга жасалган.
Буга чейин Улуттук банк накталай чет элдик валюта тартыш болуп жатканын, ал эми накталай эмес формада жетиштүү экенин билдирген. Адатта интервенциялар боюнча маалымат накталай эмес формадагы операцияларды көрсөтөт.
Өткөн жылы башкы банк 486,5 миллиондон кем эмес доллар сатса, 190,7 миллионго жакын доллар сатып алган.
Алтын-валюта резерви (эл аралык валюталык резервдер) Улуттук банкка алмашуу курсунун өзгөрүүсүн текшилөөгө мүмкүндүк берет. Резервдер ондон ашык валютадан, SDR (атайын карыз алуу укугу — эл аралык валюта фондунун жасалма резерви) жана алтындан турат.
Улуттук банк былтыр сомдун курсун кармап туруу үчүн канча коротконун айтты