БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында курман болгон аскерлерге арнап китеп чыгаруу тапшырмасын берди.
УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, ведомствонун башчысы кеңешме өткөрүп, анда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза болгон жоокерлердин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырган. Анын ичинен биринчи кезекте китеп чыгаруу милдети коюлду.
Маалыматта иш-чара "окурмандардын, өзгөчө жаш муундун патриоттук сезимин жана курман болгон жоокерлерге болгон сый-урматты чыңдоо максатында" жасалары айтылган. Ошондой эле кагылыш болгон жерлерде түз иш алып баруу, согушка чогуу катышкан командирлер менен баарлашуу сунушталган.
Китепти өлкөнүн бардык орто мектептерине жана жогорку окуу жайларына таратуу пландалууда. УКМК Билим берүү жана илим министрлигинин окуу планына өзгөртүү киргизүүнү сунушташы мүмкүн экенин белгиледи.
Китеп 31-августка чейин, акыркы мөөнөтү кыргыз-тажик жаңжалынын бир жылдыгына карата сентябрь айынын ортосуна чейин жарык көрүшү керек.