Учурда интим гимнастика, йога менен алектенүү аялдарга өзгөчө пайдалуу экени байма-бай айтыла баштады. Көптөгөн кургак жарнамалардан айырмаланып бул чындыгында эле ошондой. Болгону туура жасаш керек. Бул тууралуу Гүлзат Кабылова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аялзатынын репродуктивдүү жаш курагына оң жана терс таасир берүүчү факторлор көп.
"Кыймыл — бул жашоо дейбиз. Адам кыймылдап турса организмге туз уюбай булчуңдар ийкемдүү болот. Кан тамырлар жакшы иштеп, ошону менен бирге эле жатын жайгашкан жерде да кан айлануу жакшырат. Бул үчүн аялдарга өзгөчө керилип, чоюлууну (растяжка) талап кылган спорт түрлөрү ыңгайлуу. Мисалы, азыр интим гимнастика деп өзүнчө басым коюп жасап жатышат, демек, кыз-келиндер түшүнө баштады. Йога, бий сыяктуу күчтү талап кылбаган спорттун түрлөрү аялдардын саламаттыгына оң таасирин тийгизип, анын репродуктивдик курагын узартат. Бул жерде туура машыгуу маанилүү", — деди Кабылова.
Дарыгер ошондой эле аялдардын репродуктивдик курагынын узун-кыскалыгы биринчи кезекте генетикасы менен байланыштуу экенин кошумчалады.