Базарбеков: Садыр Жапаровду соттогон судья, прокурорлор өздөрү иштен кетишти

Мамлекеттин азыркы башчысы 2017-жылы кармалып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровду мурда камаган сот, прокурорлор өзүн-өзү жазалап иштен кетишти. Бул тууралуу Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков парламентте билдирди.
Депутат Жанар Акаев эгер жаран акталып чыкса аны мыйзамсыз камаган укук коргоо органдардын кызматкерлери жазага тартылбай жатканына нааразы болду. Мындан улам кезинде Жапаровду камаган сот, прокурорлор жазага тартылдыбы деп сурады.
"Ал иш менен мыйзам тартиби боюнча жоопко тартылышкан жок. Эми мамлекет башчыбыздын өзүнүн укугу, эгер кайрылса, албетте, жоопко тартылышы керек. Бирок алар өзүн-өзү жазалагандай болушту. Иштен кетип калышты", — деди Базарбеков.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 2017-жылдын 25-мартында УКМК тарабынан кармалып, Ысык-Көл облусунун башчысын барымтага алууга айыпталып 11 жыл 6 айга кесилген. Үч жылдан ашыгыраак абакта отуруп, октябрь окуясында элдин толкуну менен чыгып бийликке келген. Ал арада Жогорку Сот аны актоо өкүмүн чыгарган.
Депутат Эмил Жамгырчиев жумушка чыгып, УКМКга ыраазычылык билдирди. Видео