БИШКЕК, 11-янв. – Sputnik. Донецк Элдик Республикасынын бошотулган бардык жерлеринде бурулуш учурлар болуп жаткандыгын аймак жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Денис Пушилин билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматта ал "Соловьев Live" эфирине чыккандыгы айтылган.
"Артемовск менен Северскини бошотуу үчүн мүмкүнчүлүктөр бир топ жакшырды. Бул Краматорск, Славянск плацдармына чыгуу үчүн көптөн күткөн учур. Чындыгында эле бурулуш учур болууда, бул күндөрү биз канчадан бери күткөн мезгилге — Донецк Элдик Республикасын бошотууга даярдык жасалууда", — деген региондун башчысы.
Анын айтымында, Соледар, Артемовск жана Северскини бошоткондон кийин каршылаштардын согуштук багыты бузулат.
Мындан сырткары, Марьинка россиялык аскерлердин дээрлик көзөмөлүндө турат, бирок каршы тарап эл жашаган сектордун чет жакасына бекемдеп жайгашып алган.
Кечээ кечинде "Вагнер" тобунун аскерлери Соледарга ээлик кылууга жетишкен.
Менчик аскердик компаниянын негиздөөчүсү Евгений Пригожин "шаардын борборунда согуш жүрүп жаткан жер" пайда болгонун, анын аскерлери туз шахталарын ээлегенин билдирген.
Соледар Киев үчүн абдан маанилүү жер, ал Артемовск (Бахмут) — Северск коргонуу линиясынын борборунда турат. Бул жерде украиналык аскерлер кубаттуу коргонуучу жай түптөп алган. Соледарды бошотуу Артемовск жана Северскинин ортосундагы камсыздоо, жеткирүүгө салынган жолду үзүүнү шарттайт. Ошондой эле Артемовскини түндүк тарабынан жабууга мүмкүнчүлүк берет.