ӨКМ алдыдагы үч күндө ашууларга кар көчкү түшөрүн эскертти

Айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керектиги айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдыдагы үч күндө да ашууларда кар көчкү түшөрүн эскертти.
Маалыматка ылайык, 12-январдан 14-январга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу), 198-265-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымында (Өтмөк ашуусу) кар көчкү түшөт.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зарылдыгын эскертти.
Төө-Ашууда кар көчкү минивэнди басып калды. Видео