Эл аралык "Ош" аэропорту ишин убактылуу токтотту

Аба майдандын кызматы учуп-конуу тилкесин, аба кемелери токтой турган жерлерди кардан тазалап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Эл аралык "Ош" аэропорту саат 00:15тен тарта тынымсыз жааган кардан улам ишин токтотту, аба ырайы жакшырса, каттамдар саат 20:00дөн тарта жаңыланат.
Эл аралык "Манас" аэропортунун маалымат кызматы аба майдандын учуп-конуу тилкелери, аба кемелер токтой турган жерлер жана башка аянттар кардан тазалап жаткандыгын билдирди.
Ал эми сапарга чыкчу учурду күтүп отурган жүргүнчүлөргө кырдаал түшүндүрүлүп, тамак-аш менен камсыздалгандыгын кошумчалады.
Суроолор пайда болсо төмөнкү телефон номерлерге кайрылса болот:
+996 (312) 69-31-09 — "Манас" аэропорту;
+996 (3222) 9-01-01 — "Ош" аэропорту.
Кыргызстанда күн эртең, бүрсүгүнү дагы сууктап, аяз күчүнө кирет