Оорубайм десеңиз... 35тен өткөн соң кайсы анализдерди тапшырып туруу керек

Адис убагында анализ тапшыруу менен бир топ олуттуу ооруларды алдын алууга болорун эскертет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. 35 жаштан өткөн соң кайсы анализдерди тапшырып туруу керектигин "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде терапевт Мария Хасина санап берди.
"Албетте, дарыгерлерге убагында барып, кароодон өтүп турууга көпчүлүгүбүздө убакыт да, каражат да, каалоо дагы жетишсиз. Бирок жылына бир жолу тиешелүү анализдерди тапшырып туруу зарыл", — деди Хасина.
Боорду текшертүү
Боордору илдеттерди аныктоо үчүн аланинаминотрансфераза тестин тапшырып туруу керек. Адистин айтымында, боор адатта ооруп жатканын билдирбейт.
Креатинин жана заара
Бул эки зат бөйрөктөгү ооруларды аныктоого жардам берет.
Заара кычкылы
Бул заттын деңгээли жогорулап кетсе, подагра дартына кабылуу тобокелдиги жогорулайт.
Холестерин жана айрым витаминдер
Терапевт холестерин жана В12, D витаминдери өтө аз же өтө көп болуп кеткен учурда организмге залакасын тийгизерин эскертет.
Сөз соңунда адис, булардан тышкары, кан жана копрограмма (заңдын анализи) тапшырып туруу керектигин кошумчалады.
Ар бир аял билиши керек. Эркектин потенциясы тууралуу 6 миф