Бишкекте жылына турчу жайлар уюштурулат. Даректер

Аталган жерлерде калаа тургундары жана коноктор жылынып, ысык чай менен камсыз болушат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы бул күндөрү болуп жаткан катуу суукка байланыштуу борбор калаада жылынуучу жайлар уюштуруларын билдирди.
"Шаар боюнча жалпысынан 10 чатыр тигилип, алардын ар биринде ӨКМдин бирден өкүлү нөөмөттө болот", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле убактылуу пунктулар бардык зарыл нерселер менен камсыздалып, калаа тургундары жана коноктору үчүн ысык чай берилери айтылган.
Жылытуу жайлары төмөнкү даректер боюнча орнотулат:
Биринчи май району:
Раззаков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде.
Октябрь району:
№5 кичи районунда Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1/1 үйдүн жанында;
№12 кичи районундагы Маданият үйүнүн жанында;
Тунгуч кичи районундагы Глобус супермаркетинин жанында.
Ленин району:
"Октябрь" кинотеатрынын жанында;
"Манас" кинотеатрынын жанында;
Чүй, 315 дарегинде жайгашкан Ленин райондук акимчилигинин түштүк-батыш жагында.
Свердлов району:
Восток-5 кичи районундагы "Мини арбат" аялдамасында;
Красный строитель конушундагы Бельск көчөсүндө (№4 автобустун акыркы аялдамасы);
Чыгыш автовокзалынын ичинде жана "Дордой" базарындагы "Азия" ТЭЦинде.
Кыргызстанда күн эртең, бүрсүгүнү дагы сууктап, аяз күчүнө кирет