Балыкчыда өзгөчө кырдаалга күчөтүлгөн даярдык режими киргизилди

ӨКМ шаардыктарды зарылдык болбосо үйлөрүнөн чыкпоону суранды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Балыкчы шаарында шамалдын ылдамдыгы секундасына 28-34 метрге жетүүдө. Мындай чек катуу бороон катары сыпатталат.
Алгач шаарда өзгөчө кырдаал режими киргизилгени кабарланган, бирок кийинчерээк мэрия бул "өзгөчө кырдаалдарга карата күчөтүлгөн режим" экенин тактады.
Шаардыктарга өтө зарыл болбогон учурда сыртка чыкпай туруу сунушталды.
Кыргызстанда күн эртең, бүрсүгүнү дагы сууктап, аяз күчүнө кирет