Өлкөдө айыл чарба продукциясынын 15 түрүнө КНСтин нөлдүк ставкасы узартылды

Мындай чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Министрлер кабинети бир катар айыл чарба продукцияларына кошумча нарк салыгынын (КНС) нөлдүк ставкасын узартты. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирип, тизме жарыялады.
Алар:
өсүмдүк майы;
жумуртка;
саман жана дан эгиндеринин айрым түрлөрү;
арпа;
сулу;
ун;
улпак;
крахмал өндүргөндөгү калдыктар;
өсүмдүк майын сыгып алгандан кийинки калдыктар;
Булардан тышкары, тоюттун ар кандай бир нече түрү.
Ведомство белгилегендей, мындай чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Өз кезегинде бул нерсе продукцияга коюлган соңку баанын төмөндөшүнө олуттуу таасирин тийгизери айтылган.
Кыргызстан Казакстанга экспорттогон негизги 10 товар