Киевдин Грузияга берген куралын кайтаруу аракетине Тбилиси каршы чыкты

Украина ошондой эле Грузиядан АКШ тарабынан берилген танкага каршы Javelin системасын кайтарып берүүнү суранган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Киев Тбилисиден 2008-жылы берген "Бук" комплекстерин кайтарууну өтүнүп, бирок тийиштүү жооп ала албады. Бул тууралуу Украинанын Грузиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Андрей Касьяновдун украиналык "Европейская правда" басылмасында жарыяланган макаласында айтылат.
"Украина тарап бардык эл аралык өнөктөштөргө, анын ичинде Грузияга курал-жарак, аскердик техника жана ок-дары берүү боюнча өтүнүчтөрүн аткарууда.... Тактап айтканда, Киев 2008-жылдагы согушта Грузияга берилген "Бук" комплекстерин кайтарып берүүнү суранды", — деди Касьянов.
Анын айтымында, Украинанын өтүнүчүндө АКШ Грузияга өткөрүп берген танкага каршы Javelin системалары да камтылып, аларды жаңылары менен алмаштыруу сунушу да айтылган. Дипломат Грузия өкмөтү мындай аскердик жардам көрсөтүүдөн баш тартканын белгиледи.
Декабрдын аягында Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили расмий Тбилисинин Украинаны колдоо үчүн жасап жаткан иштери жетиштүү деп эсептей турганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Тарыхтагы эң ири жардам. АКШ Украинага дагы курал-жарак берерин айтты