Бишкектеги 4000 сомдук көмүр эми паспорт менен берилет

Ош жана Ысык-Көл облустарында дагы атайын отун базалары ачылып, арзан көмүр сатыла баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы эми төрт миң сомдук көмүр паспорт менен сатыларын билдирди.
Маалыматка ылайык, көмүр алууну каалагандар паспорт менен жашаган дарегин каттоодон өткөзүп, эки тоннадан сатып алса болот.
"Кардарым бар деп кирип кеткен Porter айдоочуларына сатылбайт. Акыркы күндөрү ортомчулар "Кыргыз көмүр" алып келген көмүрдү сатып алып, калкка ошону эле 5000 сомдон ашырып сатып жатканы жашыруун эмес. Биздин ишкананын максаты —  көмүргө муктаж жөнөкөй тургундарды арзан көмүр менен камсыздоо", — деп айтылат маалыматта.
Арзандатылган кара алтынды Бишкек шаарынын тургундары эртең мененки саат 9:00дөн кечке чейин төмөнкү даректер боюнча ала алышат:
Мурманский көчөсү, 126;
Айланма жол — Алматы көчөлөрүнүн кесилиши;
Айланма жол менен Киргизская көчөсүнүн кесилиши;
Достоевский көчөсү, 97к.
Бишкекте көмүрдүн баасы 4 000 сомдон сатыла баштады. Даректер