Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгын белгилөө боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

Мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан акча бөлүнөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө жарлыкка кол койду.
Жарлыктын максаты — Кыргызстандын экономикалык, социалдык, маданий калыптануусуна зор салым кошкон мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин элесин түбөлүккө калтыруу жана 2023-жылы 90 жылдыгын белгилөө.
Ага ылайык, Масалиевдин 90 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү үчүн уюштуруу комитети түзүлүп, иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгуу тапшырылды. Ал эми уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыздоо Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.
Аталган мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан зарыл болгон акча бөлүнөрү айтылды.
Уюштуруу комитетинде Акылбек Жапаров менен Эдил Байсалов бар. Алардан сырткары, Исхак Масалиев, Айбек Жунушалиев, Алтынбек Максутов, Уланбек Мамбетакунов, Абдикарим Алимбаев, Абсаттар Сыргабаев, Илияз Иманбетов, Алтынбек Эргешов, Зиядин Жамалдинов, Бакытбек Нарбеков, Нурил Алымбаев, Эмилбек Абдыкадыров, Бакытбек Жетигенов, Каныбек Туманбаев, Канатбек Абдрахматов, Кайрат Иманалиев, Эрлан Догдурбеков мүчө болуп кирген.
Элбашылыкка аттангандардын арасынан Апсамат Масалиевдин караанын издеп...