Майрамдардан кийин кантип калыбыбызга келебиз? Диетологдор жолун айтышты

Адистер ашыкча салмактан арылуу үчүн арыктатуучу каражаттарды ичүү жана бир нече сааттап ачка жүрүү туура эмес дешет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Жаңы жыл майрамында, андан кийинки эс алууларда көптөгөн үй-бүлөлөрдө стол үстү даамдуу, түрдүү тамак-ашка толот. Адамдар майрамдарда эс алып, даамдуу тамактануудан ырахат алышат. Бул салмак кошууга алып келет. Бирок диетологдор кайра калыпка келүү үчүн бир нече сааттап ачка жүрүү же атайын арыктатуучу каражаттарды ичүүнү сунушташпайт.
РИА Новости агенттиги диетологдордун бул багыттагы бир нече кеңешин жазды.
Диетолог Сергей Обложко дене мүчөнү кайра калыбына келтирүүгө калориясы аз тамактарды тандоо жетиштүү экендигин айтат. Ал мисал катары голубцы тамагын айткан, аны тооктун, уйдун майы жок этинен, козу карын жана капустадан жасоону сунуштаган. Диетологдун айтымында, аны көз тойгуча жесе да болот, анткени калориясы аз.
Ал эми диетолог-эндокринолог Майра Рау майрам күндөрү деле саламаттыкты сактоочу тарелка принцибинен жазбоо туура деп эсептейт.
"Майрам күнкү дасторкондо бир эле тарелканы үч-төрт бөлүккө бөлүп алган туура. Анын бир бөлүгүн жашылча-жемиш, экинчи бөлүгүн ундан жасалган тамак-аш, үчүнчүсүн белоктор менен толтурса болот", — деген Рау.
Ал бул ыкма өтө тоюп алып ашказанды кыйноону алдын алат дейт.
Мындан тышкары, Рау чайды кумшекерсиз ичүү туура деп, тамакка чейин жана андан кийин сууну көбүрөөк ичүүнү сунуштаган.
"Арыктоо үчүн бир нече сааттап ачка жүрүү туура эмес. Ошол эле учурда арыктатуучу дары ичүүнүн да кереги жок, мындай каражаттар организмден заара аркылуу суюктуктун баарын чыгарып, организмде суу жетишпей баштайт. Бирок топтолгон майларга таасир бере албайт. Эгерде организмди адам минтип кыйнай берсе өттө таш пайда болот", — дешкен адистер.
Кайсы татымалдар ден соолукка зыян алып келери айтылды