Ала-Арча суу сактагычында эркек киши чөгүп кетти

Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Бишкектин жанындагы Ала-Арча суу сактагычында бир киши чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, маркум 27 жашта болгон. ЖМКлардын билдирүүсү боюнча, балык кармап жаткан беш киши муз астына кулап, алардын бирин куткарууга мүмкүн болбой калган.
Кырсык болгон жерде 13 куткаруучу иштеп, маркумдун сөөгүн табышкан.
Чаткалда кар көчкү түшүп, жол жабылды