Британия армиясы жоокерлеринин ашыкча салмагынан улам көйгөйгө тушукту

2014-жылдан бери 850 жоокер арыктатуучу дары ичүүгө аргасыз болгон, дагы 60 аскерге липосакция жасалган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Улуу Британия армиясындагы жоокерлердин төрттөн бир бөлүгү ашыкча салмактан жабыр тартып келерин Daily Mail гезитинин баяндамачысы Шон Рэймент жазды.
"145 миң аскердин 40 миңи семиздиктен жабыркап келет. 2010-жылдан бери дал ушул маселеден улам 5 200 жоокер кызмат өтөөдөн четтетилген. Кызматтан кетирилген жоокердин эң семизи 180 килограмм болчу", — деп жазылган макалада.
Журналисттен айтымында, ашыкча салмак көйгөйүн алдын алуу үчүн 2014-жылдан бери 850 жоокер арыктатуучу дары ичүүгө аргасыз болгон, дагы 60 аскерге липосакция жасалган.
Армиянын мурунку башкы командачысы жоокерлердин салмак кошуусуна дыкат көз салуу керектигин, эгер такыр эле болбосо, андай адамдарды кызматтан четтетүү зарылдыгын билдирген. Ал эми дагы бир офицер Феррен Морган боди-позитив маданиятынын өнүккөнүнө байланыштуу жоокерлер дене боюн карабай калганын белгилеген.
Статистика боюнча, Британияда 39 536 жоокердин ашыкча салмактан улам ден соолугун начарлатып алуу тобокелдиги күч деп саналат.
19FortyFive: АКШнын аскерлеринин көбү толук болууда